
КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери ыкчам маалыматты текшерүү учурунда Бишкек-Торугарт жолунун 23 – чакырымындагы “Тайота Авенсистин” унаасын токтотушуп, текшергенде унаанын багажнигинен көлөмү 5 литрлик пластик бөтөлкөнүн ичинде өзгөчө жыты бар эзилген зат жана целлофан баштык табылып, алынган.
ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, алынган заттын жалпы салмагы 3 кг болгон 85 грамм кургатылган марихуана болуп аныкталган.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, кармалган айдоочу 39 жаштагы С.Р. андан ары иликтөө үчүн Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилген.