Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн героин менен апийим табылды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Тактап айтканда, 1984-жылы туулган К.У.нун үйүнөн кызматтык иттин жардамы менен 40 грамм героин жана 90 грамм апийим табылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголуп, К.У. №1 тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

От admin