Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Бишкектин көчөлөрүнө май төгүлүп, унаалар кырсыкка учурады

Бишкектин көчөлөрүнө май төгүлүп, унаалар кырсыкка учурап жатканын активист Максим Золотых видеого тартып чыгарган.

Видеодон Токтоналиев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чыккан көпүрөнүн үстү жалтырап турганын көрүүгө болот.

Жолго ошол жерден өткөн автокрандын шлангынан май төгүлгөнү божомолдонууда.

Активист Максим Золотых «Тазалыктын» кызматкерлери алгач жолду жууп-тазалоого аракет кылышканын, бирок майнап чыкпаганынан кум төккөнүн көрсөткөн.

11 Июнь 2024 жыл 7:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча