Бишкекте өз жанын кыюуга жеткирүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда,30-августта болжол менен саат 14:21 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Панфилов көчөсүндө жайгашкан жатакананын жуунучу бөлмөсүндө 2003-жылы туулган жаран асынган абалда табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча өз жанын кыюуга жеткирүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган 2 шектүү кармалып, камакка алынган.