Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Бишкекте УКМКнын «Мекендин келечеги” аталышындагы бала бакчасы ачылды

     2024-жылдын 18-июнунда Бишкек шаарындагы “Көк-Жар” жаңы конушунда 100 орунга эсептелген “Мекендин келечеги” бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. КР УКМКга караштуу бала бакчанын ачылыш аземине КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- КР УКМК төрагасы, генерал-лейтенант К.К. Ташиев, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Жумагазиев, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.
    Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –УКМК төрагасы К.Ташиев өз куттуктоо сөзүндө өсүп келе жаткан муундун татыктуу келечегин жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу КР УКМКнын негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи.  Мындан тышкары төрага, УКМК кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик шарттарын  жакшыртуу, алардын кызматтык жана күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна өбөлгө болоорун кошумчалады.                                              
    Мындан улам,  учурда республиканын бардык аймактарында УКМКга караштуу бала бакчалардын ачылышы күтүлүүдө.
18 Июнь 2024 жыл 12:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча