2024-жылдын июнь айынын 7нен 8не караган түнү саат 00:49 чамасында
ИИМдин Күзөт кызматынын борборлоштурулган кайтаруу түйүнүнө Бишкек
шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн ыкчам кармоо тобуна
Бишкек шаарынын Көлмө конушунун үйүнүнө “Айгай” белгиси берилген.
Кармоо тобу кайтарылган жайга ыкчам келип, уурулар жеке менчикке кирүүгө
аракет кылып жатышканын байкашкан.
Уурулукка аракеттенгендер үйгө кирүү үчүн эшикти ачууга жасап жаткан
аракет учурунда көрүлгөн чаралардын натыйжасында шектүү адамдар
кармалып, алардын өздүгү такталды.
Кармалган жарандар 2000-жылы туулган А. уулу А. жана 2004-жылы туулган
А. Н. болгон. Аталган адамдар тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек
шаарынын Биринчи май райондук ИИБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.