Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Бишкекте троллейбустардын саны эмнеге азаят? Мэр түшүндүрдү

8 / 100

Бишкек мэри шаардагы троллейбустардын саны эмне үчүн азаярын түшүндүрдү

Айбек Жунушалиев троллейбустук линиялардын 70%ынын эксплуатациялоо мөөнөтү өтүп кеткенин, аны жаңылоо кымбатка турарын ( 1 метр чубалгы 8 доллар турат) айтты.

Андыктан калаа бийлиги троллейбустардын санын азайтып, шаарда чоң айлампа троллейбустук линияны калтырууну пландоодо (Ч.Айтматов проспекти, Ахунбаев, Курманжан Датка көч., Жибек Жолу проспекти).

“Калган жолдордон бардык линияларды жана тирөөчтөрдү демонтаждап, жол жээгиндеги электр жана интернет чубалгыларын жер алды менен кое беребиз. Жыйынтыгында көчөлөрдө самсаалап илинген чубалгылар болбойт”, — деди мэр.

Учурда Бишкекте жалпысынан 152 троллейбус бар, анан 100ү Ош шаарына берилет. Троллейбустар электробустарга алмаштырылат.

Булак: Спутнк кж

21 Июнь 2024 жыл 9:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча