ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын
кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада Ысык-Ата
районунун тургуну 2000-жылы туулган Б.А. кармалды. Ал Бишкек шаарынын
Биринчи май районунун аймагына синтетикалык баңгизаттарды таңгактоо жана
көмүскө жерге катып сатууну көзөмөлдөп жүргөн. Башкача айтканда,
«Райондун куратору» болгон.
ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, «Райондун куратору» күн сайын Бишкек шаарына келип, шаардын борборунда баңгизаттарды көмүскө жерге катып сатууну көзөмөлдөп турган.
Кармалган шектүүнүн чөнтөгүндө 20дан ашык чапталган баңгизат табылып
алынды. Ошондой эле айдап жүргөн автоунаасын кароо учурунда 29 даана
даяр чапталган баңгизат табылып алынды. Алынган баңгизаттын жалпы саны
49 даана болгон.
Химиялык экспертизага ылайык, алынган заттар альфа-ПВП психотроптук зат
болуп саналат.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын
кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын четинде психотроптук заттар
катылган дагы бир жер табылды.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын
кызматкерлери жана Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин тергөө кызматы
атайын тергөө иштерин жүргүзүү учурунда Чүй облусунун аймагында чөң
өлчөмдөгү баңгизат катылган жер аныкталып, ал жерден ар бири 1 грамм
болгон 30 даана желим чапталмасы табылып, «Мефедрон» психотроптук зат
экендиги такталды. Алынган заттар 1000ден ашык бир жолку дозаны түзмөк.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы
интернет-мессенджерлер жана социалдык тармактар аркылуу баңгизаттарын
сатуу менен акча табуу кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.
14 жашка толгон адам баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу
кылмыштар үчүн толук кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Жаза мөөнөтү
мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Ата-энелерге эскертүү, жайкы каникул учурунда балдарды, алардын
убактысын жана айлана-чөйрөсүн көзөмөлгө алууга, ошондой эле түшүндүрүү
иштерин туруктуу негизде жүргүзүүгө чакырат.