Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда алдын ала маалымат боюнча, Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан сарайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөндүгүн КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ билдирди.
Өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган.
Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метр күйүп, бир адам куткарылды.
Өрт сарайдан 3 кабаттуу үйдүн чатырына өтүп, болжол менен 30 адам эвакуацияланган.
Тилсиз жоо саат 13:34тө чектөөгө алынды.
Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.