5-июль күнү милицияга Бишкектеги мектептердин биринде адам өз жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн.
Октябрь РИИБ билдиргендей, ошол замат Октябрь РИИБдин кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөп, ал жерден 1986-жылы туулган эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Текшерүү учурунда денесинен зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Бул факты Октябрь РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
«Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды»,-деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалыматтар боюнча маркум №17 мектеп-гимназияда хореограф болуп иштеген.