Бишкек шаардык соту ок атышууну уюштурууга шектүү Н. жана Л. аттуу жарандарга карата өкүм чыгарды. Алар тууганынын кудалашуу аземинде жаңжал чыгарып, ок чыгарууга шектелип кармалышкан.
Окуя мындайча болгон. 2022-жылы 7-августта Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан кафелердин биринде кудалашуу өтүп жаткан. Анда күйөө бала менен кыздын туугандары арасында эски таарынычтан улам чыр чыккандыктан, күйөө бала туугандары менен аталган жайды таштап кетүүгө мажбур болгон. Бирок аларды аркасынан Н. менен Л. кууп барып, жигиттин тууганы менен мушташа кетишет. Муну көргөн Руслан «макаров» тапанчасын алып чыгып, абага ок чыгарат. Бул учурда Н. унаасынан аңчылыкка арналган мылтык алып чыгып, Л. болсо унаасына отура калып, Русланды көздөй унаасын айдаган. Жыйынтыгында Руслан 2 унаа ортосунда калып, бутуна ок жеген. Окуя анын жеңесинин арачага түшө калуусу менен аяктап, Л. менен. Н. унаасы менен качып кетишкен
Кийинчерек тартип бузган жарандарга карата издөө жарыяланат. Келиндин туугандары: Л. менен. Н. 25-январда колго түшсө, 1993-жылы туулган К.Г. дагы деле кармала элек. Русланга болсо 2023-жылдын башында өкүм чыккан. Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 267- беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча иш козголуп, 150 миң сом айып төлөөгө милдеттенген.
Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда 20-мартта Н. менен Л.ге карата ачылган иш каралып 3 жылдык пробация өкүм кылынган. Ал эми шаардык сот 27-майда бул өкүмдү күчүндө калтырган