Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
WhatsApp Image 2024 03 29 at 09.59.56

Бишкекте катуу шамалдан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

8 / 100

Шаар мэри Айбек Жунушалиев катуу шамалдан жабыркаган №62 мектептин аймагында өзгөчө кырдаал боюнча штабдын көчмө жыйынын өткөрдү. Анда мэр өзгөчө кырдаалды киргизүү тууралуу буйрукка кол койду.

Мэрия “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтомго ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрден ашкан учурда өзгөчө кырдаал режими киргизилерин билдирди.

“Кооптуу аймактарды изилдөө жана анын кесепеттерин аныктоо максатында райондук администрациялардан, муниципалдык инспекциядан жана коммуналдык кызматтардан турган мобилдик топтор уюштурулду. Бардык шаардык кызматтар күчөтүлгөн режимге өттү”, — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Бишкек шаарынын мэриясынын Көзөмөл башкармалыгына социалдык объектилер, чатырын шамал учуруп кеткен мектеп, бала бакчаларда курулушту сапатсыз аткаруу фактыларын аныктоо боюнча комиссия түзүү тапшырылды.

Кооптуу аймактарды – асылып турган чатырлар, кондицинерлер, чоң бутактар ж.б. изилдөө жана анын кесепеттерин аныктоо максатында райондук администрациялардан, муниципалдык инспекциядан жана коммуналдык кызматтардан турган мобилдик топтор уюштурулду.

Бардык шаардык кызматтар күчөтүлгөн режимге өттү.

Бишкек шаарынын мэри бардык жеткиликтүү коммуналдык кызматтарды жана атайын техниканы колдонууну тапшырды. Шаарды эртең таңга чейин иретке келтирүү зарыл.

28-мартта катуу шамал Бишкекте бир нече имараттын чатырын учуруп, бак-дарактар кулап автоунааларды басып калды. Катуу шамалдын кесепети тартылган сүрөт-видеолорду социалдык тармактын колдонуучулары жарыялап жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Кыргызгидромет борборуна шилтеме берип, Чүй облусунун Токмок шаарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жеткенин билдирди.

Министрлик мунун алдында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө секундасына 17-22 метрге жеткен катуу шамал болорун эскертип, элди коопсуз жайларда болууга чакырган.

29 Март 2024 жыл 13:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча