
Бишкекте кичи автобустар, тагыраагы №100, 105, 152, 195 жана 212 кичи автобустар кайрадан каттай баштады.
Вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов төмөндөгүлөрдү билдирди:
«Бул 5 маршруттук линияда 167 кичи автобус болсо, алардын ордуна 122 автобус келди. Тургундар бул автобустар жетишсиз болуп, интервалдар көп экенин айтып нааразы боло башташты. Ошондуктан, микроавтобустарды күч менен чыгарып салууга болбойт. Каттамдар жана керектүү сандагы автобустар толук иштелип чыкканга чейин кичи автобустар аларды камсыздандырышат. Учур келет ошондо кичи автобустар 100 пайызга алынат»,- деди ал.
31-августтан тарта Бишкекте 5 кичи автобус каттамы токтоткон. №100, №105, №152, №195 жана №212 кичи автобустар мындан ары каттабайт турган болуп, алардын ордуна автобустар ишке кирген.