Эл аралык гимнастика федерациясынын президенти Моринари Ватанабэ Кыргызстандын
борборунда курулуп жаткан Спорт, этикет жана сулуулук боюнча эл аралык академиянын
курулуш жайына барды.
Академия Кыргызстанда гимнастиканын деңгээлин жогорулатуу максатын көздөйт,
мында профессионалдуу окутуучу курам, заманбап методикалар, бардык керектүү
жабдуулар менен камсыз болот. Академия эл аралык стандарттарга жана учурдагы
программаларга ылайык иш алып барат.
Эл аралык гимнастика федерациясынын президенти Моринари Ватанабэ академиянын
ачылышы бул спорттун түрүн өнүктүрүүгө чоң түрткү берерин, кыргызстандыктар ири
мелдештерде көбүрөөк медалдарга ээ боло аларын белгиледи. Бул дүйнөдөгү алдыңкы
залдардын бири болот.
«Bigser компаниясына, Сергей Быковскийге жана спортту колдогон өкмөткө
ыраазычылык билдирем», – деп айтты ал.
Спорт департаментинин эл аралык бөлүмүнүн башкы адиси Марлен Соляной
академиянын курулушу гимнастиканы гана эмес, жалпы кыргыз спортун өнүктүрүүгө
олуттуу салым болорун белгиледи.
«Гимнастика – бул жөн гана физикалык активдүүлүк эмес, ал баланын мүнөзүн жана
инсандыгын калыптандыруунун күчтүү каражаты. Мен гимнастикага 12 жыл өмүрүмдү
арнадым жана бул спорттун артыкчылыктарын билем. Академия спортчу кыздардын
өнүгүүсүнө жана дүйнөлүк ийгиликтерге жетишүүсүнө өбөлгө түзөт. Бүткүл дүйнө
академиянын ачылышын күтүп жатат, ал спорттун өнүгүшүндө маанилүү роль ойнойт.
Сергей Быковский спортту өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, академияны ачуу менен
гимнастикага жаңы дем берет», – деп белгиледи Кыргызстандын маданиятына эмгек
сиңирген ишмер Ассоль Молдокматова.
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда гимнастика менен негизинен жаш спортчулар
алектенет, ал эми чоңдор үчүн тиешелүү шарттар жок. Академиянын жардамы менен бул
кемчилик жоюлат. Жалпысынан кыргызстандык гимнасттар заманбап жайда өз
өнүгүүсүнүн бардык этаптарынан өтүп, спорт чебери деңгээлине чейин жетишет жана
гармониялуу өнүгөт.
Академияда жогорку деңгээлдеги машыктыруучулар, спорттук медицина адистери жана
психологдор иштейт. Гимнасттар үчүн тең салмактуу тамактануу уюштурулат. Ошондой
эле хореография, балет жана йога залдары, кийим алмаштыруучу жана жуунуучу жайлар
каралган. Булардын баары дүйнөлүк деңгээлдеги физикалык жана психологиялык жактан
туруктуу спортчуларды тарбиялоого жардам берет. Ал эми кечинде машыгуулар болбогон
учурда адамдар бул жерде ар кандай гимнастика түрлөрү, бийлер, флай-йога менен
алектенип, реабилитациялык программалардан өтүп, ден соолугун чыңдай алат. Бул да
академиянын маанилүү миссиясы.
Академияны спортту өнүктүрүү жана улуттун ден соолугун чыңдоо боюнча комплекстүү
маселелерди чечүүчү илимий-изилдөө технологиялык борбору деп атоого болот.
Көркөм гимнастика — Кыргызстанда абдан популярдуу спорттун түрү. Бирок азыркы
учурда колдонулуп жаткан машыгуу жана мелдештер үчүн инфраструктура моралдык
жактан эскирген.
«Эң натыйжалуу иштөө үчүн бизге бардык зарыл нерселер менен жабдылган атайын
залдар керек. Мен академиянын курулуш долбоорун колдойм. Анын ачылышы биздин
гимнастиканы өнүктүрүүгө олуттуу салым болот», – деп белгиледи Кыргызстандын эмгек
сиңирген машыктыруучусу Светлана Моисеева.
Долбоорду ишке ашырып жаткан компания – бул Кыргызстандын спорттук кийимдерин
чыгарган алдыңкы өндүрүүчү “Bigser” компаниясы. “Bigser” үчүн өлкөбүздө бир-эки гана
олимпиадалык спорттун түрлөрү эмес, мүмкүн болушунча көп түрү өнүгүп, спорт менен
машыгууга кызыккандардын саны артып, элдин ден соолугунун чың болушу маанилүү.
Бул максатка аталган долбоор аркылуу жетүүгө болот.
Бүгүн журналисттерге академиянын курулушу боюнча экскурсия уюштурулду. “Bigser”
академиянын пайда болушу менен Кыргызстан көркөм гимнастика боюнча Азия жана
дүйнө чемпионаттарын өткөрө алат деп үмүттөнүүдө. Мурда мындай иш-чараларды
өткөрүү тууралуу ойлоого да мүмкүн эмес болчу.
“Bigser” компаниясынын жетекчиси Сергей Быковский чет өлкөдөн келген конокторго
ыраазычылык билдирди. «Гимнастика бизди биримдикке алып келет жана биз аны
өнүктүрүүдө бири-бирибизди колдоп тургубуз келет», – деди ал, – “Bigser” бул
комплексти жаңы технологияларды эске алуу менен куруп жатат.