Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Бишкекте Евразиядагы орто кылымдардагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий процесстерге арналган II Эл аралык илимий конференция өттү

Бишкек, 31-май 2024-ж. — 2024-жылдын 30-31-майында Бишкекте Евразиядагы орто кылымдардагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий процесстерге арналган II Эл аралык илимий конференция өттү. Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Алтай мамлекеттик университети, «Улуу Алтай» алтаистика жана түркология боюнча илимий-билим берүү борборунун өкүлчүлүк борбору, «Мурас» фонду, Тарых жана аймак таануу институту, Журналистика жана коммуникация институту, Тарых, археология жана этнография институту уюштурушкан.

Конференция Жусуп Баласагындын «Кутадгу Билиг» чыгармасынын жазылгандыгынын 955 жылдыгына арналган. Бул иш-чарага ар кайсы өлкөлөрдөн келген 100дөн ашуун докладчы жана изилдөөчүлөр катышып, Евразиянын тарыхы жана маданияты боюнча негизги маселелерди талкуулашты.





30 Май 2024 жыл 13:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча