
Бишкекте Чыгыш автобекетинин жанындагы жер астындагы өтмөктөгү жаңы жарыктарды талкалап кетишти.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай көрүнүш мурда дагы болуп келген.
Белгилей кетсек, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын бригадасы аталган өтмөктө 5 жаңы прожектор орнотуп, 70 метр кабель тартышкан.
Бишкек мэриясы жарандардан муниципалдык менчикти сындырбоого жана зыян келтирбөөгө чакырат.