Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Бишкекте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарынын Биринчи май районунда майрамдык иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара «Россия» кинотеатрында болуп, анда жаш көрүүчүлөр үчүн суусундуктар таратылып, «Гарфилд» анимациялык тасмасы көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, аталган райондун чыгармачылык тобу тарабынан Панфилов атындагы сейил багында концерттик программа уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында мольбертке сүрөт тартуу, квиллинг, кийиз менен иштөө боюнча мастер-класстар өткөрүлдү жана концерттик программадан кийин балдарга таттуулар таратылды.

30 Май 2024 жыл 11:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча