Бишкекте алты бейтап жана алардын донорлору боорун алмаштырууга даярдыктан өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Аларга операция Түркиянын Инөнү университетинин адистери менен биргеликте жүргүзүлөт. Анестезиолог-реаниматолог, эки хирург жана медайымдан турган дарыгерлер тобунун келиши күтүлүүдө. Окуудан өткөн жергиликтүү медиктердин эки бригадасы дагы операция жасоого даяр.
30-май күнү саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Инөнү университетине барып, боор алмаштыруу боюнча операциялардын бирине катышты.
Анын айтымында, Бишкектегия операция Кыргыз-түрк достугунун ооруканасында жасалат.
“Кыргызстанда боорду алмаштырууга даярдык иштери аяктады. Операция жасоо үчүн керектүү жабдыктар бар, түркиялык дарыгерлер жетишпеген жабдууларды өздөрү менен кошо алып келишет. Операциялар 2024-жылдын 4-5-июнуна пландалууда”, — деп белгиледи министр.
Боор алмаштыруу боюнча операция президенттин фондунан каржыланат.