2024-жылдын 5-8-июнь аралыгында Бишкек шаарында Сөөк жана муун хирургиясы ассоциациясы 2018-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүп келген Түрк дүйнөсүнүн ортопедия жана травматологиясынын төртүнчү конгресси башталат.
Бул конгресске Түркия менен Кыргызстандан тышкары ортопедия жана травматология, анестезия жана реанимация тармагындагы 200дөн ашык адистер катышат. Тактап айтканда, Туран жеринин ар кайсы аймактарынан келген катышуучулар, атап айтканда, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Германия, Греция, Босния жана Герцеговина, Косово жана Россия Федерациясынын түрк элдеринен алтайлар, хакастар, тувиндер, якуттар, татарлар, Башкырттар, карачайлар жана балкарлар, кумыктар, ногойлор, чуваштар жана крым татарлары.
Бул конгрессте кыргызстандык адистер өздөрүнүн кесиптештери менен тажрыйба бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Коушмчалай кетсек, 2022-жылдын 8-июнунан 12-июнуна чейин Босния жана Герцеговинанын борбору Сараево шаарында Түркия, Босния жана Герцеговина, Балкан жана Түрк республикаларынан келген 200 ортопед-хирургдун катышуусунда Түрк дүйнөсүнүн ортопедиялык травматологдорунун III конгресси болуп өткөн. Орто Азияда 70тен ашык илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Мына ошол Съезддин жыйынтыгында 4-съездди өткөрүү эстафетасы Кыргызстанга өткөн.
“Кыргызстандан быйыл бул иш-чарага өлкөбүздүн ар кайсы аймактарынан келген 100дөн ашык ортопед-травматологдор менен катышууну пландалууда.
Кадимки чет элдик конгресстерден айырмаланып, ата-бабаларыбыздын кичи мекенинде, тамырыбыз чыккан географияда таптакыр башка эмоционалдык атмосфераны баштан өткөрүшөт деп ишенебиз”,-дешет уюштуруучулар.
Үч күнгө созула турган конгресске профессор Ведат Шахид жана КР УИАнын жана Россия Илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор С.А.Джумабеков төрагалык кылат. Конгрессте травматология, протездөө, артроскопия, спорттук жаракаттар, омуртка, балдар ортопедиясынын актуалдуу көйгөйлөрү талкуулануучу 100 илимий изилдөөлөр сунушталат.
Конгресс 2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын имаратында башталып, анда травматология жана ортопедия тармагында акысыз мастер-класстар, лекциялар жана видеопрезентациялар өткөрүлөт.
2024-жылдын 6-июнунда травматология жана ортопедиядагы актуалдуу темалар боюнча баяндамалар башталат. Конгресс 350 кишилик эки чоң залда өтүп, анда 150дөн ашык илимий изилдөөлөр көрсөтүлөт.
Съезддин ачылышы 06.06.2024-жылы саат 17:30дан 18:30га чейин Шератон мейманканасында болот, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Жапаров Акылбек Үсөнбекович катышат.
Программада маданий-тарыхый иш-чара да камтылган: улуттук оюндар көрсөтүлө турган Бурана мунарасына баруу, андан соң дүйнөгө белгилүү жазуучу Ч.Т. жазуучунун үй-музейине барышып, анын эстелигине гүл коюшат.
“Бул жолугушуулардын аркасында түрк дүйнөсүнүн илимпоздорунун ортосунда билим алмашууну камсыздап, бул аймактагы кесиптештерибизди Кыргызстандын травматология жана ортопедиясы менен тааныштырып жатабыз”,-дешет уюштууручулар.
Программа шилтемеде: file:///C:/Users/USER/Downloads/%D0%9D%D0%90%D0%A3%D0%A7%D0%9D%D0%90%D0%AF%20%D0%9F%D0%A0%D0%9E%D0%93%D0%A0%D0%90%D0%9C%D0%9C%D0%90%20(1).pdf