Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Бишкекте 18 жаштагы кыздын ашказанынан 4 кг дай чач алынды

Улуттук госпиталда хирургдар сейрек кездешүүчү патологияга операция жасашты.

18 жаштагы кыз ооруканага жүрөк айлануу, тамактангандан кийин кусуу, тамакты сиңирбөө арыздары менен кайрылган. Ал арыктап, өзүн начар сезип жүргөн.

Дарыгерлер текшерип көрүп, бүт ашказан көңдөйүн 35 см өлчөмүндөгү жана салмагы 4 килограммга жакын чоң түйүлдүк ээлеп турганын аныкташкан.

Хирургдар Абдулла Матмуратов менен Тамерлан Жумабеков операция жасап, денеге тамак-аш кирбей калган чоң түкчөлөрдү алып салышты.

Учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык, жакынкы күндөрү ооруканадан чыгаруу пландалууда.

https://www.instagram.com/reel/Cx4_qtxs_-a/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

2 Октябрь 2023 жыл 12:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча