Бишкек шаарынын тургундарын таштандыны 19:00дөн 00:00гө чейин чыгарууга чакырышып, ЭКО баштыкчалар таратылды. Бул ыкма шаар ичиндеги тыгындарды алдын алуу максатында каралган. Мэриядан билдиришкендей, мындай чара коммуналдык кызматкерлерге түнкүсүн контейнерлерден таштанды чыгарып, эртең менен жана түштөн кийин тыгын жаратпоого мүмкүндүк берет.