Бишкек шаарынын мэриясы «Кабар» агенттигине борбордук Ала-Тоо аянтынын реконструкциялоодон кийинки эскиздерин берди.

Буга чейин мэр айбек Жунушалиев агенттикке маек куруп, борбордук аянттары реконструкциялоо иштери 20-августка чейин бүтүшү керек экенин айткан.

Ал белгилегендей, аянтта түнкүсүн күйө турган «ырдаган» фонтандар жана 100 метрлик флагшток болот. Долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

От admin