2024-жылдын 26-майында М.М. аттуу жаран Ленин РИИБне арыз менен кайрылган, анда 2024-жылдын майында болжол менен саат 02:00 чамасында үйдүн короосунда кулпу менен бекитилип турган арыз ээсинин баасы 14000 АКШ доллар турган “Suzuki 7” үлгүсүндөгү ак-кара түстөгү мотоциклды жашыруун түрдө уурдап кетишкен.
ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы билдиргендей, көрүлгөн чаралар менен Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн №563 кармоо тобу бекитилген аймакта кайгуул жүргүзүү учурунда, шаардагы унаа оңдоочу жайлардын (ТТС) биринен мотоциклди табып, кылмышка шектүү жаранды колго түшүрүшкөн.
Кармалган жаран 1989-ж/т Бишкек шаарынын тургуну Б.М. Ленин РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди