Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда жол кырсыгы катталды.
20-июнда саатына 127 чакырым менен бараткан минивэндин айдоочусу инспекторлордун токтотконуна карабай өтүп кеткен. Чүй ОИИББдин маалыматы боюнча, жол милициясы бул жөнүндө кийинки жерде турган кесиптештерине кабарлаган.
Минивэн жолдун 55-чакырымында, инспекторлорго жетпей Mercedes үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны, андан кийин бакты сүзүп токтогон.
Кырсыктын кесепетинен минивэндин 2 жүргүнчүсү менен жүк ташуучу унаанын бир жүргүнчүсү ооруканага түшкөн.