Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
IMG 6417 scaled

Бишкек – Москва каттамы калыбына келтирилет

8 / 100

Ушул жылдын 3-сентябрынан 6-сентябрына чейин биздин адистер Москва шаарында эл аралык жүргүнчү поезддеринин 2025-жылга карата кыймыл графигин иштеп чыгуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн темир жол администрацияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жыйынына катышты.

Жыйындын жыйынтыгында Россия жана Казакстан темир жолдору менен макулдашылган чечим кабыл алынып, 2024-жылдын 18-декабрынан тартып Бишкек – Москва жүргүнчү поездинин каттамы эки жолу калыбына келтирилээри белгиленди.

Эскерте кетсек, бул поезддин багыты 2022-жылы Москва транспорттук түйүнүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу Самара бекетине чейин кыскартылган.

Ошону менен бирге, 2025-жылы Бишкек – Казань багыты боюнча поезд жумасына бир жолу, ал эми Бишкек – Новосибирск багыты боюнча поезд 8 күндө бир жолу каттамын улантат.

Билеттердин сатылышы жана баалары тууралуу кошумча маалымат берилет.

10 Сентябрь 2024 жыл 14:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча