Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
depositphotos 50241535 stock photo hikers

“Беш-Таш” улуттук паркында жоголуп кеткен швейцариялык турист табылды.

8 / 100

Кечээ, 16-июнь күнү Талас облусунун ички иштер башкармалыгына “Беш-Таш” улуттук паркына эс алууга чыккан чет өлкөлүк турист дайынсыз болуп жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул окуя милиция тарабынан каттоого алынып, издөөгө Талас ОИИБдин жана Талас РИИБдин кызматкерлери чыгышкан.

Издөө учурунда чет өлкөлүк турист аман-эсен табылып, Талас шаарына алып келинген. Ал 1964-жылы туулган Швейцариянын жараны Андрейа Мария Хелена экендиги такталган. 60 жаштагы чет өлкөлүк турист айым “Беш-Таш” улуттук паркындагы “Жүрөк” көлүн көрүүгө өзү жалгыз чыгып, андан ары дагы жогорулап кеткендиги белгилүү болгон. Турист айым жүргөн жер тоолуу болгондуктан телефондо байланышууга мүмкүн болгон эмес. Түнкү саат 23:30 чамасында Талас ОИИБге алып келинген чет өлкөлүк турист айым Талас милициясына жана учурда жашап жаткан мейманкананын ээсине алкыш айтты.

17 Июнь 2024 жыл 8:34
Көрүүлөрдүн саны:
Шейшемби
3 Бештин айы 2024

Тема боюнча