Кыргызстан өлгөн адамдын органдарын трансплантациялоого (каза болгон адамдын органын тирүү бейтапка салуу) келиши керек. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев Спутникке билдирди.
Саламаттык сактоо министри бул үчүн биринчиден өлкөдө органдарды алмаштыруу өнүгүшү керектигин, андан соң гана уруксат берилерин кошумчалады.
“Кыргызстан эртели-кеч буга (өлгөн адамдын органдарын трансплантациялоо) келет, себеби, орган алмаштырууга муктаж болгондордун саны жыл санап өсүүдө, ал эми донорлор жетишсиз. Мисалга, 2,5 миң кыргызстандык бөйрөк алмаштырууга муктаж. Алардын 200ү биздин кезекте турат, бирок алардын ичинен 20 адамдын эле донору бар”, — деди министр.