
Баткен РИИБдин башчысы милициянын полковниги А.Шагамурзаев жана өздүк курамы район аймагындагы улгайган карыяларды 1-октябрь-Улгайгандардын эл аралык күнү менен куттуктады.
Баткен районунун Рават айылындагы 103 жаштагы Абдиломутова Асал, Кара-Бак айылындагы 104 жаштагы Мурзабекова Идаят жана Самаркандек айылындагы 103 жашталгы Муроталиева Чайпанди майрамдары менен куттуктап, аларга жакшы тилектерин билдирип келди.
“Кылымдан ашуун жашаган апаларыбыз өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгеги бийик экенин билип, аларды урматтап, жакшы шарттарды түзүп берүү милдетибиз экендигин унутпашыбыз керек”, -деп Баткен РИИБдин башчысы А.Шагамурзаев аларга акчалай жардамдарды көрсөтүп, шириндиктерди берди.