Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Баткенде каналдан 47 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Баткенде 47 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Маалыматты Баткен ОИИБден тастыкташты.

14-август күнү саат 08.20 чамасында Баткен ШИИБдин «102» кызматына Баткен районунун Жаңы-Жер айылында Таш-Завод жактан өтүүчү суу агуучу каналда Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну 47 жаштагы аялдын жансыз денеси жаткандыгы боюнча маалымат түшөт.

«Бул маалымат Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда анын өлүмүн себептерин жана жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат»,-дешет мекемеден.

16 Август 2023 жыл 8:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча