Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Баткенде чек арачылар үйлүү болушту. Ташиев батирлердин ачкычын тапшырды 

2023-жылдын 14-сентябрында Баткен облусунда 2021 жана 2022 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычын тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.
КРдин УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдиргендей, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиев, УКМК Чек ара кызматынын директору генерал-майор У.З.Шаршеев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, аскер бөлүктөрүнүн колбашчылыгы жана өздүк курамы, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү жана Чек ара кызматынын ардагерлери катышышты.
Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылында «Кулунду» чек ара заставасынын комплексинин курулушу аягына чыгарылып, офицердик курамга каралган үй жана казармалык жайлар толук реконструкцияланган. Бүгүн чек арачылардын үй-бүлөлөрү эки жана үч бөлмөлүү бардык шарты каралган батирлердин ээлери болушту.
48 батирлүү турак-жай эксплуатацияга берилди. Бул объект өзүнө аянты болжол менен 300м2 болгон цоколдук кабатты камтып, анда спорт зал жана балдарды кошумча окутууга мүмкүн боло турчу жайлар каралган.
Учурда аскердик бөлүктүн аймагында дагы бир турак-жайдын курулушу жүрүүдө, аны эксплуатацияга киргизүү келерки жылдын биринчи кварталына пландаштырылууда.

15 Сентябрь 2023 жыл 8:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча