Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Баткенде үч эм төрөлдү

15-май күнү Ош облустук аймактык ооруканада үч эм төрөлдү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо мекемесинен билдиришти.

Ымыпкайлардын апасы Баткен облусунун тургуну, 29 жашта, кесиби боюнча журналист. Ымыркайлар кесарева жолу менен төрөлдү.

Үчөө тең кыз, алардын салмагы —  2000 грамм, 1780 грамм, 1720 грамм болду.

Ымыркайлардын атасы Жаңыбай Урайым уулу милиция кызматкери болуп иштейт. Ал Баткен облусунун Кадамжай РИИБдин “Жаныкул Садиров” атындагы Бүргөндү аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты.

16 Май 2024 жыл 14:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча