Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Баткенде 2 жашар кыз катуу сабалып, комага түштү. Өгөй атасы кармалды

Наристе облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 7-июнда түшкөн. Саламаттык сактоо министрлиги кыз комада экенин, ИВЛ аппаратында жатканын айтты.

Ал эми Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдиргендей, эки жашар кыздын ооруканага түшкөн фактысы боюнча жаңы жагдайлар билинип, өгөй атасы кармалды.
Маалым болгондой, 2024-жылдын 7-июнь күнү Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө түшкөн. Бул факт ошол эле күнү Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына кокустук катары катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган.
Бул окуя жаш наристеге байланыштуу болгондуктан Баткен ОИИБдин ыкчам тергөө тобу түзүлүп окуяны тыкыр иликтеп, бул жагдай боюнча жыйналган материалда Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 138-беренесинде (Уруп-сабап кыйноо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар болгондуктан кылмыш иши козголуп, аталган кылмыш иши боюнча наристе кыздын таянеси арыз менен кайрылган.
Аталган кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшүндө, Баткен районунун Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну Ж.Т. шектүү катары суракка алынып, КРнын КЖПКнин 96-97-бер. негизинде убактылуу кармоо жайына киргизилди.

12 Июнь 2024 жыл 7:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча