КР УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган жер
тилкелерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Баткен
шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары тарабынан КР мыйзамдарын
бузуу менен, трансформациялоонун тиешелүү жол-жоболорун жүргүзбөстөн,
жалпы аянты 1,44 га жер тилкесин жеке турак жай куруу үчүн жеке менчикке
чыгаруу фактысы аныкталды.
Көрсөтүлгөн тартип бузууларга карабастан, «Кадастр» мамлекеттик
ишканасынын Баткен филиалынын жооптуу адамдары тарабынан белгиленген жер
участокторуна каттоо жүргүзүлүп, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик
актылар берилген.
Мындан улам, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жер тилкелеринин
ээлери жалпы сметалык баасы 20 млн 160 миң сомдук 24 жер тилкесин өз ыктыяры
менен Баткен шаардык мэриясынын балансына кайтарып берди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ушул сыяктуу
фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү текшерүү иш-чараларын улантууда.
