Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
WhatsApp Image 2024 10 04 at 16.46.45

Баткен облусунда баасы 50 млн. АКШ доллардан ашуун алтын кени мамлекеттин балансына кайтарылды

9 / 100

КР УКМК тарабынан кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой эле К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында «Апрелское AZI» алтын кени Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министрлигинин балансына өткөрүлүп берилди. Аталган жерде алтындын жалпы кору 10 тоннага жакын жана 15 тонна күмүштү түзүп, алдын ала эсептөөлөр боюнча кендин баасы 50 миллион АКШ доллар.
Учурда КР УКМК тарабынан кылмыштуу жол менен, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарабынан алынган мүлктөрдү аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.

4 Октябрь 2024 жыл 13:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча