Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

«Башы моюнунан ажырап калган».Израилдик дарыгерлер өтө оор операция жасашты

Израилде дарыгерлер укмуштуудай операция жасашты. Алар унаа алдында калып, башы кесилген өспүрүмдүн башын тигишти. Бул тууралуу чет элдик басылмылар жазышты.

Маалыматка ылайык, 12 жаштагы өспүрүм катуу жаракат алып ооруканага түшкөн. Дарыгерлердин айтымында, анын башы моюнунан дээрлик ажырап калган.

Дарыгер операциядан кийин аман калуу мүмкүнчүлүгү 50 пайыз экенин белгиледи. Бирок, дарыгерлер мындай жаракаттан кийин бала толук жашоо мүмкүнчүлүгүн сактап каларына ишенишкен эмес. Ага карабастан 12 жаштагы бейтап өзүн жакшы сезип, бир айдан кийин ооруканадан чыгарылган.

14 Июль 2023 жыл 12:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча