чурда өлкө аймагында жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Анын ичинде Өзгөндөгү айланма жолдун курулушу дагы уланып жатат. Айрым оппозициячыл журналисттер аталган жолдун курулушуна УКМК төрагасынын уулунун атын аралаштырууда. “Кабар” агенттиги президент Садыр Жапаровго кайрылып, пикирин укту.
— Саламатсызбы? Салтка айланып калгандай актуалдуу темалар боюнча сизден жооп алып, аны коомчулукка жеткирип келебиз. Бул жолу Өзгөндөгү айланма жол тууралуу айтып берсеңиз. Эмне үчүн акы төлөп өтө турган болуп атат?
Ошондой эле аталган жолду мамлекет менен бирге эки жеке менчик компания да куруп жатканын, ал компаниялардын негиздөөчүлөрүнүн катарында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас турат деген сөздөрдү оппозициячыл журналисттер айтып чыгышты. Негизи эле сиздин уулуңуз Рустам, бир туугандарыңыз, УКМК төрагасынын балдары жана бир туугандары мамлекеттик иштерге аралашууда деп айтууга негиз барбы?
— Саламатчылык. Сурооңузга ыракмат. Макул кеңири айтып берейин. Анда Өзгөндөгү айланма жолдон баштайын. Ал жолду куруп баштаар алдында Өкмөт менен канча акча кетет, ал акчаны кайдан табабыз, канча убакытта өзүн актайт, жана башка маселелерди көпкө кеңештик.
Эгер биз мамлекеттин акчасын салсак, ондогон жылда өзүн актайт экен. Мамлекеттин акчасын мындай узак долбоорлорго салып салсак туура эмес. Мамлекеттин акчасын өзүн тез-тез актай турган долбоорлорго салышыбыз керек. Мамлекеттин акчаларын натыйжалуу, сарамжалдуу пайдаланышыбыз керек.
Ошондуктан, бул Өзгөн айланма жолун эле эмес, өлкө боюнча бир топ жолдорду жеке менчик жактарга бергенге даярбыз. Эгер кимде-ким “мен салам” десе, бүгүн бергенге даярбыз. Алар кайсы жолдор: Суусамыр – Арал Түндүк – Түштүк альтернативдүү жолуна чейин 115 км, Алматы – Кемин – Ысык-Көл – 150 км, Бишкек – Кемин айланма жолу – 105 км, Кыргызстандын аймагындагы Кара-Булак айылына (Кемин району) чыгуу менен пландалган Алматы – Узынагаш – Каракастек – Сураншы-Баатыр – Кастек – Карасай-Баатыр автомобиль жолунун жалпы узундугу 88,4 км, Ош шаарынын айланма жолу – 35 км, Ноокатта 12 км жол. Жана башка дагы бир топ жолдорду бергенге даярбыз.
Бирок бир дагы компания же жеке жактар мен салам деп келген жок. Анткени жол өзүн-өзү узак убакытта актайт. Ал эми Өзгөн айланма жолун салып жаткан Таймураска ыракмат эле айтпайлыбы. Акчасы бар адамды издеп, инвестор таап келип, салып жатканына ыраазы болушубуз керек. Таймурас эгер мамлекетке зыян келтире турган болсо, өзү ачкан компанияны киргизмек беле? Андай боло турган болсо бат эле билинип каларын жакшы билет да. Мамлекетке пайда келтирип жатканы үчүн ишенимдүү түрдө киришип жатат да.
Ал эми Рустам жана бир туугандарыбыз боюнча айта турган болсом, бир дагы бир тууганыбызды мамлекеттик иштерге аралаштырган жокпуз жана аралаштырбайбыз. Мен аларга мамлекет менен иш кылбагыла деп дайыма айтып келем. Биз өткөндөн сабак алышыбыз керек. Мурда кандай эле? Колунда бийлиги бар чиновниктердин көпчүлүгү ӨКМ, Энергетика министрлиги, Айыл чарба министрлиги, салык, бажы жана башка мамлекеттик ишканалар менен иш кылышчу. Өтпөй калган же болбогон товарларын «зачет же взаиморасчет» деп 2-3 эсе кымбатка тапшырып иш кылышат эле. Анын баары азыр кан буугандай токтогон.
Ошол үчүн министрликтерде өсүү, өнүгүү болуп жатат. Рустам болсо инвесторлорду тартуу менен алек. Ысык-Көлдө гольф аянтчасын курдуруп жүрөт. Кудай буюрса, эмдиги жылы ачылышын кылабыз деп турабыз. Биринчи жолу аянты боюнча Орто Азияда эң чоң гольф аянтчасы болот.
Андан сырткары, өлкө боюнча ар бир айылга жарыгы менен камсыз болгон футбол аянтчасын курдурам деп былтыр иш баштаган. Бүгүнкү күндө Түп, Ак-Суу райондорун бүтүрүп, Жети-Өгүзгө жетип калды. Азыр эми бир эле маалда тигил жагы Баткенден, бул жагы Ат-Башыдан баштайбыз деп турушат. Алдыдагы 5 жылда өлкө боюнча бир дагы айыл футбол аянтчасыз калбайт деп жар салбай эле, мактанбай эле иштеп жүрүшөт.
Таймурас дагы муктаж адамдарга үйлөрүн куруп берип, жетим-жесирлерге жардам берип жүргөнүн көрүп жүрөбүз. Кечээ жакында селдин кесепетинен улам, үйү жараксыз болуп калгандарга үй салып берип жатат.
Мурда президенттердин балдары качан жардам берчү эле. Тескерисинче, “келе” дешчү эмес беле, чынбы? Эң негизгиси мамлекетке зыян келтиришпесе болду. Жасап жаткан иштери мамлекеттин иштери менен аралашпайт.
Инвесторлор менен иштеп жатышат. Мен дайыма баарына: “Балдар, инвесторлор менен иштегиле. Өлкөгө инвесторлорду тарткыла. Тапкан пайдаңарды эч качан мамлекеттен тышка ташыбагыла. Тескерисинче, сырттан мамлекетке ташыгыла. Мына ошондо Кудайдын алдында да, кыргыз элинин алдында да жүзүңөр жарык болот”, — деп айтып турам.
Биздин өлкөдө доллар менен өлчөнгөн 5-6 миллиардер, 200дөй миллионерибиз бар. Көпчүлүгү акчаларын офшорлордо сакташат. Ошол үчүн легализация мыйзамын кабыл алып бергенбиз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин акчаларын өлкөгө толук алып кирише элек. Жарым-жартысы алып келип, курулуш тармагына салып жаткандар бар.
Мен аларга “коркпой алып келгиле, жогоруда мен айткан долбоорлорго катышкыла” деп айтаар элем. Кечээ Чүйдөгү заводдун ачылышында айтканымдай, позиция-оппозиция деп бөлбөй экономикага, мамлекетке пайда алып келе турган долбоорлорго катыштырып, колдоого даярбыз. Ошол эле сындап жаткандар, журналисттер жол эле эмес, бардык тармактарга инвесторлорду таап келишсин, катышсын, алып иштетишсин.
Ии баса, дагы бир чоң долбоор бар. “Тамчы” аэропортунун тушуна 5 жылдыздуу отель салып башташты. Ал жерде 90 гектар жер бар. 10 гектардан 9га бөлгөнбүз. 9 беш жылдыздуу мейманкана курулат. Биринчиси башталды. Эки жылда ишке бересиңер деп талап коюп жатам. Өзүбүздүн ички инвесторлорду, олигархтарыбызды чакырам. Алгыла да салгыла, бир эле талап – 5 жылдыздуу мейманкана салуу, аны эки жылда ишке киргизүү. Кийин анан жердин баарын жалаң чет өлкөлүктөргө берип салыптыр деп чыгышпасын. Азиз Суракматов деген жигитибиз “мен бирөөнү салам” деп жер сурады эле. Келсин, салсын. Жерлер даяр, бүгүн бергенге даярбыз.
Албетте, биринчи өзүбүздүн ички инвесторлорго басым жасасак жакшы болот эле. Себеби кийин тапкан таза кирешелери толук бойдон өзүбүздүн өлкөдө калат эле. Тыштан келген инвесторлордон деле зыян тартпайбыз. Акча кирет, жумуш орундары түзүлөт, салыктар түшөт. Бирок таза кирешелерин өздөрү алып кетишет да.
— Суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн ыракмат.
— Силерге да ыракмат.
Маектешкен Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев