Грек-рим күрөшүнүн балбаны Үзүр Жузупбеков Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо алды.
Спортчу Стамбулда болгон дүйнөлүк квалификациялык турнирге катышкан.
Үзүр килемде 97 килограмм салмакта беттешип, кармашты 1/16 баскычынан баштаган. Алгач болгариялык балбанды жеңип, кийин финляндиялыкка утулуп калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттеш өткөргөнгө мүмкүнчүлүк алган. Анда биринчи күрөшүндө хорватиялык спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийин япониялык балбанды 8:0 эсебинде артта калтырган. Ал эми Олимпиадага жолдомо үчүн беттеште германиялык спортчуну 8:6 эсеби менен жеңген.
Ушуну менен Олимпиада оюндарына лицензия алган кыргызстандыктардан саны 10 болду. Анын дээрлик көпчүлүгү балбандар.