Балбак Түлөбаев Бишкекке метро эмес, монорельс керектигин айтты.
«Азыркы алып келип жаткан автобустар тыгын маселесин чечпейт. Тескерисинче жаратат. Бир автобустун узундугу 12 метр. Жол чыракка үчөө токтосо 36 метр болот. Анын артына тыгын топтолот. Болбосо аялдамаларды дагы жылдырыш керек. Мына миң автобусту болжол менен 80 миллион долларга алып келүүдөсүңөр. Дагы миңи планда турат. 150 миллион долларга эки суунун агымына монорельс куруп коелу. Алдын ала долбоору даяр, аны ишке ашыруу керек», — деди Түлөбаев.
Ошондой эле ал монорельс бир саатта 150 миң киши ташый аларын кошумчалады.