Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

2024-жылдын 28-октябрынан 15-ноябрга чейин (аба ырайынын шарттарына карата) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайынын 129,131,132-чакырымында (темир жолдун 3899, 3901, 3902- чакырымы)

кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын башкы инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин, күндүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат, 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтоп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат.

Иш-чара сел жана таш кулоо түрүндөгү кооптуу факторлордун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

От admin