Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2” долбоорун ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда.
Аларды кредиттөөнүн көлөмү 1,0 млрд сом суммасын түзүүдө. 2024-жылдын 4-июлуна карата бул Долбоордун алкагында республиканын 66 каржылоо субъекттерине 9,05 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген.