Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күнү. Кыргызстанда тамеки чегүү рак оорусунун негизги себептеринин бири

Чылым чегүүгө каршы күрөштү бир гана саламаттык сактоо министрлиги эмес, Кыргызстандагы бардык ведомстволор жүргүзүүсү керек. Мындай сунуш 31-май — Бүткүл дүйнөлүк тамеки тартууга каршы күнүнө карата уюшулган иш-чарада айтылды. Иликтөөлөргө ылайык, Кыргызстанда соңку мезгилде чылым чегүү аялдардын жана кыздардын арасында өсүүдө. 

Акыркы 5 жылда аялдар арасында чылым чегүү 4 пайызга көбөйгөн. Расмий маалыматка караганда эркектердин 48 пайызы, аялдардын 20 пайызы чылымга көз каранды. Мындан улам, тамекинин адамдын ден соолугуна канчалык коркунуч туудура турганына коомчулуктун көңүлүн буруу абдан зарыл.

31 Май 2024 жыл 12:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча