Бүгүн, 14-июнда көптөн күткөн Бишкек-Балыкчы-Бишкек багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу поезди каттап баштады. Жалпысынан поездде 232 жүргүнчү Балыкчыга чейин барышты. Курамда 9 вагон: 5 стандарттык, 1 люкс, 2 VIP жана 1 даана вагон-генератор камтылган.
Буга чейин “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы Бишкек-Балыкчы-Бишкек жүргүнчүлөр каттамы үчүн кезектеги VIP вагонун ишке киргизген. Жаңы VIP вагон мурунку вагонго окшоштурулуп жасалган, бирок саякатты мурункудан да ыңгайлуу жана жагымдуу кыла турган бир катар дизайнердик инновациялар жана жакшыртуулар менен толукталган:
• вагондо тамак-аш жана суусундуктар сактала турган муздаткыч функциясы менен заманбап бар-стол орнотулган;
• вагондо жүктөрдү сактоо үчүн ыңгайлуу чечим – отургучтардын астындагы орундук. Эми жүргүнчүлөр жүктөрүн отургучтардын астына сактай алышат;
• +40ка чейинки температурада дагы ыңгайлуулукту камсыз кылган панорамалык терезелер жана кубаттуу кондиционерлер жабдылган;
• жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн вагон видеобайкоо тутуму, ал эми жагымдуу саякат үчүн стереотутум жана телевизорлор менен жабдылган.
Бул жылы Бишкек-Балыкчы-Бишкек поездинин каттамынын айырмалоочу өзгөчөлүгү — анын курамына вагон-генераторду киргизүү болуп саналат. Бул вагон 600 кВт кубаттуулукка эсептелген 40 вагонго чейин электр энергиясы менен камсыздай алат (бир вагондун орточо керектөөсү болжол менен 10-15 кВт). Вагондо ар бири 300 кВт болгон эки даана генератор орнотулган. Эгерде бир генератор иштебей калса, экинчи генератор автоматтык түрдө электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кыла баштайт.
Эскерте кетсек, 14-июндан 14-июлга чейин Бишкек-2 борбордук бекетинен жума, ишемби жана жекшемби күндөрү, андан соң 15-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын каттай баштайт. Поезд Бишкек-2 станциясынан саат 07:40та чыгып, Балыкчы станциясына саат 11:46да келет, кечкиси Балыкчыдан саат 18:12де жөнөп, Бишкек-2 станциясына саат 22:18де келет.
Баалары:
Стандарттык вагондор:
− 5 жашка чейинки балдарга (өзүнчө орун ээлебестен) – акысыз.
− 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга – 73 сом.
− 10 жаштан ашкан жүргүнчүлөргө – 150 сом.
Люкс вагону:
− 5 жашка чейинки балдарга (өзүнчө орун ээлебестен) – акысыз.
− 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга – 250 сом.
− 10 жаштан ашкан жүргүнчүлөргө – 500 сом.
VIP вагондору:
− 5 жашка чейинки балдарга (өзүнчө орун ээлебестен) – акысыз.
− 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга – 400 сом.
− 10 жаштан ашкан жүргүнчүлөргө – 800 сом.
Билеттерди онлайн https://ticket.railway.kg сайтынан жана Android платформасындагы railway.kg мобилдик тиркемесинен, ошондой эле Бишкек-2 станциясынын кассасынан сатып алса болот. Сатып алууда жүргүнчүлөрдүн өздүгүн тастыктоочу документтерин көрсөтүү керек. Поездде бардык ички жана эл аралык төлөм системаларынын накталай жана накталай эмес төлөмдөрүнүн бардык түрлөрү бар.
Толук маалымат алуу үчүн биздин сайтка кириңиз же төмөнкү телефондор аркылуу байланышыңыз: (0312) 30-02-09, 92-68-54, 92-68-40, 0 705 07-66-96.