Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Азия оюндары: Кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова коло медаль жеңди

Бүгүн, 5-октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында жеңил атлетика, анын ичинде марафон боюнча жарыштар өттү.

Кыздар арасында марафон дициплинасында Кыргызстандан Сардана Трофимова коло байгеге ээ болду.

Спортчу 2:28:41 убактысы менен келип, 17 спортчунун арасында 3-орунга ээ болду.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

5 Октябрь 2023 жыл 7:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча