
“Аю” холдингинин негиздөөчүсү, экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов соттун чечими менен сырттан №1 СИЗОго камакка алынган. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Эске салсак, Президент Садыр Жапаров «Аю» компаниясынын эки заводу мамлекетке конфискация болуп жатканын, буга ишкананын жасалма акциздик маркалар менен соода жүргүзгөнү жана мыйзам бузуулары себеп болгонун айткан. Экономика жана коммерция министри болсо заводду анын ээлери мамлекетке өз ыктыяры менен өткөрүп бергенин билдирген.