Бүгүн, 10-июндагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасында Аталар күнүн белгилөө жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков, Акылбек Түмөнбаев, Улугбек Ормонов, Марлен Маматалиев, Айбек Маткеримов, Кубанычбек Самаков, Медербек Алиев.
«Мыйзам долбоору үй-бүлөдө жана коомдо аталардын ролун таануунун жана колдоонун, ата менен балдардын ортосундагы эмоциялык байланышты өнүктүрүүнүн, урматтоо жана сыйлоо салттарын калыптандыруунун, ошондой эле балдарды тарбиялоого аталардын жигердүү катышуусун колдоонун маанилүү максаттарына кызмат кылат», — деген Медер Алиев чет өлкөлөрдүн тажрыйбасына кайрылып, учурда Аталар күнү дүйнөнүн 30дан ашуун мамлекетинде белгиленерин кошумчалады.