Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Ат оюндары. Сулайман тоодо туу көтөрүлөт. Эгемендүүлүк майрамы быйыл Ошто өтөт

Быйыл Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы Ошто өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

31-августта Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы жана мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өтөт.

Программанын долбоору:

— Ош шаарында мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү (Сулайман-Тоо);

— Мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция жана Насирдин Исановдун эстелигинин ачылышы (ОшМУ);

— “Ош – достуктун шаары” иш чарасы (Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры);

— Спорттук мелдештер (Ахматбек Сүйүнбаев атындагы Ош шаарынын борбордук стадиону);

— Ат оюндары (“Төлөйкөн” ат майданы);
— Майрамдык салтанаттуу иш-чаралар (Ош шаарынын борбордук аянты).

17 Август 2023 жыл 8:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча