Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Астанада Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдыкантитеррордук түзүмүнүн кеңешинин 40-жыйыны өттү

2023-жылдын 8-сентябрында Астана шаарында (Казакстан
Республикасы) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик
комитетинин төрагасынын орун басары генерал-майор А.А.Шаменов
жетектеген кыргыз делегациясы Казакстан Республикасынын төрагалыгы
астында болуп өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун Регионалдык
антитеррордук түзүмүнүн Кеңешинин (ШКУ РАТТ) 40-жыйынына
катышты.
Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин – Индия Республикасынын,
Иран Ислам Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл
Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Пакистан Ислам
Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын,
Өзбекстан Республикасынын компетенттүү органдарынын делегаттары,
ошондой эле ШКУ РАТТнын Аткаруу комитети катышты.
Жыйында ШКУга байкоочу мамлекеттер катары Беларусь
Республикасынын жана Монголиянын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү
катышты.
Жыйындын жүрүшүндө ШКУнун РАТТ Кеңешинин терроризмге,
сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча мурда кабыл
алынган чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү каралды.
БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгы менен биринчи биргелешкен
иш-чаранын натыйжасында алынган жүргүнчүлөр боюнча алдын ала
маалыматтар (API) жана жүргүнчүлөрдү каттоону эсепке алуу (PNR)
маалыматтарын киргизүү жана эксплуатациялоо боюнча эл аралык
практиканы изилдөөнүн жыйынтыктары бекитилди.

11 Сентябрь 2023 жыл 6:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча