35524-аскер бөлүгүнүн контракт менен кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

“Куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен 35524-аскер бөлүгүнүн контракт менен кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери каза болду”, — деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон белгилешкендей, учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда. Аталган факт боюнча кызматтык иликтөө дайындалды.

От admin