Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Алтын медалга сүйүнгөн Өзбекстандык машыктыруучунун жүрөгү кармап калган

Өзбекстандын бокс боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу
Тулкин Киличевдин Олимп оюндары учурунда жүрөгү кармап калганын «The Guardian»
басылмасы жазды.

Өзбекстандык мушкер Хасанбой Дусматов бейшемби күнү Олимпиаданын алтын медалын
утуп алган. Анын 41 жаштагы машыктыруучусу Тулкин Киличев «Ролан Гаррос» машыгуу
аянтында алтын медалды майрамдап жаткан учурда жүрөгү токтоп калган.

Ага ошол жерде жүргөн Улуу Британиянын курама командасынын медициналык
кызматкерлери алгачкы жардам көрсөтүшкөн.

«Өзбекстандын машыктыруучулары машыгуу аянтына кайтып келип, баары жеңишти
майрамдап жатышкан, анан эле ал жактан кыйкырыктар угулду. Биринчи болуп жанымдагы
кесиптешим жөнөдү. Мен окуя болгон жерге барганда кесиптешим машыктыруучуга жасалма
дем алдыруу көнүгүүлөрүн жасап жатыптыр. Дефибрилляторду алып чыгып, мүмкүн
болушунча тезирээк жардам көрсөткөнгө аракет кылдык. Ал алгач өзүнө келген жок, бирок
жасалма дем алдырууну уланттык, 20-30 секундадан кийин эсине келди»-деп билдирди британиялык медкызматкерлердин бирөөсү.

Өзбектснадык машыктыруучу Тулкин Киличев ооруканага жеткирилген, азыр анын абалы туруктуу деп бааланууда.

12 Август 2024 жыл 8:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча