Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Алматыда кыргыз келин эки кызынын көзүнчө асынып алган

Алматыда үч баланын энесин өз жанын кыюуга эмне түрткөнүн аныкташты. Жаш келин өз батиринде жаш кыздарынын көзүнчө асынып алган. Алардын бири кошуналарын жардамга чакырган, бирок кеч болуп калганын ktk.kz сайтына шилтеме берүү менен Tengrinews.kz билдирди.

Окуя Алматынын Мамыр конушунда кечинде болгон. Окуяга күбө болгондордун айтымында, аял коридордогу турникке асынып алган. Бул учурда үйдө кечээ жакында эле бир жашка чыккан кичүү кызы менен ортончу кызы болгон. Улуусу чоң атасыныкында болгон.

«Мен үчүнчү кабаттан бир кыздын кыйкырганын уктум: «Жардам бер, жардам бер! Апам каза болду, апам каза болду!» деп. Анан жаныман бир кыз өтүп бара жатыптыр, ага «Көрөлү, эмнегедир жалгыз барып көргөндөн коркуп жатам» дедим. Аны менен барсам, Айпери (каза болгон келин) — шыпта түтүккө илинип турган аял экенин көрдүм», — дейт кошунасы Нургүл Аликпаева.

Маркумдун Кыргызстандын жараны экени, ал 29 жашта экени белгилүү. Анын Алматыда жакын туугандары жок. Коңшуларынын айтымында, күйөөсү аялынан 15 жаш улуу. Балдарга көңүл бурбай, аялына колун көтөрдү дешет. Милиция «Өзүн-өзү өлтүрүүгө чакыруу» беренеси боюнча иш козгоду. Бардык жагдайлар тергөөчүлөр тарабынан изилденип жатат.

21 Июль 2023 жыл 11:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча